Бакыт Төрөбаев Сүлүктү шаарындагы кап заводдун иши менен таанышты (сүрөт)








Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү, өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Сүлүктү шаарындагы "Сүлүктү-Бакай" кап заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнөн билдиргендей, завод былтыр сентябрь айынан баштап, алгачкы продукциясын өндүрө баштаган. Учурда ишканада күнүнө 18 миң даана полипропилен каптары өндүрүлүп, аймактагы муктаждыкка пайдаланылууда. Тагыраагы көмүр өндүрүү, акиташ чыгаруу жана дан эгиндерин сактоо үчүн кеңири колдонулуп жатат.
Заводду ачууга 45 миллион сом жумшалган. Анын ичинен 11 миллион сому кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан каржыланган. 34 миллион сому жеке ишкер Каныбек Исмаиловдун өздүк салымы болду. Учурда 75 киши жумуш орду менен камсыз болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.