"Кудай берген перзентиме...". Ырчы Съездбек Искеналиев кыздуу болду
Кечээ, 11-февралда өлкөнүн Эмгек сиңирген артисти Съездбек Искеналиев кыздуу болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Кудай берген перзентиме Пери, Ширин, Сулуу жана Анель деген аттардын кайсынысын ыйгарсам?" - деп жазган ырчы.
Ал жубайы Жаркынай Искеналиева экөө 2006-жылы баш кошушкан. Бул алардын бешинчи наристеси. Түгөйлөр буга чейин 3 кыз, 1 уулду тарбиялап, өстүрүп келишкен.
Обончу жана аткаруучу Съездбек Искеналиев коомчулукка Эрнис Абдыжапаровдун "Боз салкын" аттуу көркөм тасмасында Мураттын ролунан кийин таанылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.