super.kg logo

19-декабрда маданият ишмери жана драматург Шеримбек Шаршеевди эскерүү кечеси өтөт

 
Эртең, 19-декабрда Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде көрүнүктүү маданият ишмери жана драматург Шеримбек Шаршеевдин 65 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кечеде “Алиман апанын жомоктору” аттуу пьесалар жыйнагынын бет ачары болот. Андан тышкары Шаршеевдин “Жанар куш” пьесасына коюлган телепостановка көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, Шеримбек Шаршеев (1948-1998) Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайды бүтүргөн. Кесип жолун актёрлуктан баштаган ал маданият чөйрөсүндө 27 жыл эмгектенген. Өз убагында Ысык-Көл драма театрынын, Фрунзе мамлекеттик циркинин, театр ишмерлердин Союз фондунун, Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын директору, 1990-жылдардан тарта КРнын Маданият министринин биринчи орун басары, “Манас” эпосун жайылтуу боюнча Мамлекеттик дирекциянын уюштуруучусу жана башкы директору болуп иштеген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
18.12.2013. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен албетте барам ))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: