super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек ЖЭБинен кабар алышты

 

Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитети Бишкек шаарынын жылуулук электр борборунда көчмө жыйын өткөрүп, учурдагы кырдаал менен жеринде таанышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, энергетика министри Таалайбек Ибраев аталган жагдай боюнча ыкчам маалымат берди. Анын айтымында, Бишкек шаарынын ЖЭБинде авария болгонго чейин иште 11 буу казан жана 7 турбогенератор болуп, жалпы кубаттуулугу 392 мега ватты түзгөн.

"2-февралда саат 2:59 чамасында буу казан цехинин имаратында жарылуу болуп, 6 буу казан агрегаты өчүрүлгөн. Бул мезгилде Бишкек шаарынын ЖЭБинде 3 жана 4 блок иштеп, кубаттуулук 196 МВтга чейин азайган", - деди Ибраев.

Ага ылайык, министр 8-февралга карата Бишкек ЖЭБинин жалпы активдүү кубаттуулугу 311 мега ватты түзгөнүн маалымдап, бүгүнкү күндө Энергетика министрлигине караштуу энергокомпаниялардын жана ӨКМнын кызматкерлери калыбына келтирүү жумуштарын улантып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин 6-февралдагы кезектеги жыйынында Бишкек шаарынын жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаал тууралуу маалымат угулган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: