Бакыт Төрөбаев ЖЭБдеги штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча көчмө жыйын өткөрдү





Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) штаттык эмес кырдаалдын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссиянын көчмө жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Медиа штабдан билдиришти.
Маалым болгондой, жеринде болгон көчмө жыйындын жүрүшүндө комиссия мүчөлөрү ЖЭБдин аймагын кыдырып чыкты, ошондой эле зыянга учураган имараттарды көрүштү.
Штаттык эмес кырдаал түзүлгөндөн бери төмөндөгүдөй иштер аткарылды:
- 8000 чарчы метр чатыр калыбына келтирилди;
- 2000 тонна курулуш жана тиричилик таштандылары чыгарылды;
- 600 чарчы метр аянттагы конструкцияларды бекемдөө боюнча реставрациялык ширетүү иштери аяктады;
- 10 миң 500 чарчы метр чатыр аянтын тазалоо иштери аяктады.
Ага ылайык, учурда борбор калаанын ЖЭБиндеги штаттык эмес кырдаалдын себептери каралууда, алдын ала маалыматтар боюнча диверсия жана терактка байланыштуу деген божомолдор алынып салынды.
Ошондой эле учурда келтирилген чыгымды аныктоо иштери жүрүп жатат, мындан тышкары борбор калаа муниципалитети “Бишкекжылуулук” ААКсы менен биргеликте жылуулукту жана ысык сууну өчүрүү мезгилине карата керектөөлөрдү кайра эсептөө иштерин жүргүзүүдө.
Отурумдун соңунда Бакыт Төрөбаев бир катар тапшырмаларды берди, аны менен катар 1-февралдан 2-февралга караган түнү нөөмөттө болгон техникалык адистердин пикирин укту.


