super.kg logo

ИИМ: "Айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алуу мыйзам боюнча жазаланат"

 

Ички иштер министрлиги айдоочулук күбөлүктү интернеттен сатып алгандарга мыйзам боюнча жаза бар экенин эскертет. Бул тууралуу министрлик бүгүн, 14-февралда маалымат таратты.

Маалыматка ылайык, социалдык түйүндөрдө айдоочулук күбөлүктү тез жана арзан баада жасап берүү тууралуу жарнамалар кездешүүдө.

Министрлик жасалма айдоочулук күбөлүктөр маалымат базаларында жок болгондуктан, жасалманы оңой эле аныктоого болорун кошумчалашты.

"Биринчиден, мындай документтер "Унаа" МИнын базасында катталбайт жана “Түндүк” тиркемесинен чыкпайт, демек, алардын "аныктыгы" биринчи текшерүүдө эле билинет. Экинчиден, түпнуска документтерде жасалмада жок болгон коргоо белгилери бар.
"Жасалма күбөлүктөр" бланктары даярдалган чыныгы серияга ээ болсо да, натыйжа өзгөрбөйт - эртеби-кечпи жасалма документтер жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан аныкталат.

Жасалма айдоочулук күбөлүктөрдү даярдоо кызматтарына кайрылаардан мурун, сизде учурдагы көйгөйлөрдү чечкенге караганда, көптөгөн жаңы көйгөйлөрдү жаратып калуу коркунучу бар деп ойлоңуз" деп айтылат маалыматта.

ИИМ укуктарды берген расмий документти жасалмалоо, анын анык мазмунун бурмалаган расмий документке атайылап жалган маалыматтарды же оңдоолорду киргизүү, аны даярдоочунун өзү же башка адам тарабынан пайдалануу, мындай документти сатуу, ошондой эле жасалма мөөрлөрдү же мамлекеттик сыйлыктарды даярдоо Кылмыш-жаза кодексинин "Документтердин жасалмасын жасоо" 379-беренесине ылайык 2 жылдан 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланарын эскертет. Ал эми атайылап жасалма расмий документти пайдалангандыгы үчүн - эки жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: