super.kg logo

Кызыл-Кыяда 65 турак үй сел коркунучунан коргоого алынат 

 
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин 2024-жылга “Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-чараларынын мерчемин бекитүү жөнүндө буйругуна ылайык, өлкө аймагында биринчилерден болуп Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында сел коркунучунан коргоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда ӨКМдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Караван аймактык башкармалыгынын Чоң Жинжиген айылындагы Жинжиген сел жүрүүчү сайынын 1000 метр аралыгында жумуштун алгачкы этабы башталды. Аталган участкада ӨКМден бөлүнгөн бульдозердун жардамы менен механикалык тазалоо жана сай жээктерин бекемдөө жумуштары жүргүзүлүүдө.
"Натыйжада шаардагы 65 турак үй, 3 чакырым ички чарбалык жол жана 1,5 гектар огород сел коркунучунан коргоого алынат", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: