super.kg logo

Салык кызматы тарабынан пландалган ишкердик текшерүүлөр жокко чыгарылды

 

Өлкө башчы Садыр Жапаровдун "Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө" жарлыгынын негизинде Салык кызматы тарабынан пландалган ишкердик текшерүүлөр жокко чыгарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Салык кызматынын ушул жылдын 1-кварталына мерчемделген 2837 ишкердик субъекттеринин текшерүүсү жокко чыгарылгын.

Чечим ишкерлердин мыйзам бузган фактыларын ырастоочу маалыматтар болбогондугуна байланыштуу кабыл алынган.

Ошондой эле Башкы прокуратура ишкерлер текшерүүчү органдардын аракеттерине нааразычылыктары болгон учурда 1212 ишеним телефону аркылуу кайрылуу кылса боло турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: