super.kg logo
  Саясат  

Абдыбахаб Боронбаевдин ордуна Саидбек Зулпуев депутат болуп келди

 

Бүгүн, 14-февралда Жогорку Кеңештин "Ата Журт - Кыргызстан" фракциясынын депутаты Абдыбахаб Боронбаев мандатынан ажыратылып, ордуна Саидбек Зулпуев депутат болуп келди.

Боронбаев өзү БШКга ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу арыз жазганы маалым болду. Мындан улам бош калган орунду “Ата Журт - Кыргызстан” фракциясынын кийинки тизмесинде турган талапкер алмак.

Саидбек Зулпуев 1968-жылы 11-июнда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылында жарык дүйнөгө келген. Ал мурда каржы министирлигинде иштеп, министрдин орун басары кызматына чейин жеткен. 2018-жылы банктарды жоюу агенттигинин жетекчиси да болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: