super.kg logo
  Саясат  

Президенттин БАЭге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди

 

Президент Садыр Жапаровдун Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) 12-февралдан 14-февралга чейинки иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Дубай шаарына болгон сапарынын алгачкы күнү мамлекет башчысы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башкы директору Мухаммад Саиф Аль Сувэйди менен жолугушту.

Анда ири инфраструктуралык, инвестициялык жана социалдык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча кызматташууну мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Ошол эле күнү БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл Аль-Мазруи менен сүйлөшүүлөр болду.

Буга чейин жетишилген келишимдерди ишке ашыруу маселелерине токтолуп, Мамлекет башчысы “Masdar” компаниясы тарабынан күн электр станциясынын курулушуна өзгөчө маани берилерин айтып, Кыргызстан аталган долбоордун алкагында милдеттенмелерин өз убагында аткарарын баса белгиледи.

13-февралда Садыр Жапаров 10-Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинде сөз сүйлөдү.

Өз сөзүндө өлкө башчысы Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсү боюнча көз карашы менен бөлүштү. Ал баса белгилегендей, акыркы үч жылда өлкө аткаруу бийлигинин бардык тутумун модернизациялоо, өкмөттүн ишин трансформациялоо, коррупцияга каршы элдешкис күрөш, жаңы экономикалык саясатты ишке ашыруу жана калкка көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын тутумун санариптештирүү аркылуу терең экономикалык кризистен акырындык менен өнүгүүгө өттү.

Ошондой эле Дүйнөлүк Өкмөттөр Саммитинин аянтчасында Садыр Жапаров инвесторлор менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле БАЭнин вице-президенти, премьеи-министри, Дубайдын башкаруучусу Мухаммад бин Рашид Аль Мактум менен жолугушуу болду.

Тараптар Кыргызстан менен БАЭ ортосундагы өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

13-февралда президент Дубай ислам банкынын төрагасы Мухаммад Аль-Шайбани менен жолугушуп, ири инвестициялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле ислам каржылоо принциптерине негизделген банк кызматтарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш сапарын аяктап, Садыр Жапаров 14-февралда Бишкек шаарына кайтып келди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: