super.kg logo
  Саясат  

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендин Катран айылына жаңы көпүрө куруп, пайдаланууга берди

 

17-декабрда өлкөбүздүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаменти тарабынан Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Катран айыл аймагынын Эпкин участкасындагы ички-чарбалык көпүрөнү куруп, пайдаланууга берди. Мындай маалыматты аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча регионалдык департаментинин директору Алишер Мамытов көпүрөнүн ачылуу аземинде  “Аталган көпүрөнү куруу боюнча 2013-жылдын 6-мартында тендер өткөрүлүп, андан “Кутман-Курулуш” ишканасы утуп алып, курулуш жумуштарын апрель айында баштаган. Көпүрө ушул жылдын ноябрь айында толугу менен бүткөрүлдү. Азыркы учурда жергиликтүү калкка үзгүлтүксүз каттамга шарт түзүлүп, көпүрө пайдаланууга берилди. Курулуп бүткөн көпүрөнүн узундугу 12 метр, таяныч дубалдарынын узундугу 70 метрди түзөт" деди. Курулуш жумуштары башталгандан баштап аткарылган жумуштардын суммасы 6458,1 миң сомду түзгөн.

Ал эми көпүрөнүн кызыл тасмасын кесүүгө катышып жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Жусупали Исаев “Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул көпүрөнү тез арада бүткөрүп, натыйжада 127 кожолук жана 120 окуучу транспорт каттамы менен камсыз болду” деп билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: