super.kg logo
  Саясат  

Депутат Абакиров сөз эркиндиги бар өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болорун айтты 

 

Бүгүн, 15-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Элдар Абакиров сөз эркиндиги индекси жогору өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болорун айтты.

Эл өкүлү Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу пикирин билдирип, документти иштеп чыгууда ал элдин кирешесине, экономикага кандай таасир берерин эске алууга чакырды.

Сөз эркиндиги индекси жогору өлкөлөрдө экономика да, элдин кирешеси да жогору болот. Болгону нефтиге бай - Сауд Арабия, Оман, Бахрейн өлкөлөрүндө гана сөз эркиндиги боюнча көрсөткүчү начар болгонуна карабай экономикасы жакшы экен. Башка мамлекеттерде сөз эркиндиги бар болсо гана экономикасы өнүгүп, инвестор көп келет экен. Анткени инвесторлорго жетиштүү, көз карандысыз маалымат керек. Андай өлкөлөргө инвесторлор да акчасын коркпой салат", - деди Абакиров.

Ошондой эле ал сөз эркиндиги бар өлкөдө коррупция да аз болорун белгиледи.

"Башкача айтканда, сөз эркиндиги - коррупцияга каршы негизги курал. Муну бүт эл аралык изилдөөлөр тастыктап турат”, - деди депутат.






Жогорку Кеңеш 15.02.24.

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: