Садыр Жапаров канча байлыгы бар экенин жарыялады (сүрөт)




"Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым. Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим. Мыйзамдын талабы ушундай. Чет өлкөдө каткан акчаларым жок, болсо аларды да алып келип өзүбүздүн банктарга салып коймокмун”, - деди Жапаров.
Ошондой эле ал кирешелерин, мүлктөрүн башкаларга каттап, чет өлкөлөрдө жашырып жүргөн кыргызстандыктарды болгон мүлкүн 1-июлга чейин легалдаштырып алууга чакырды.
"Ушул мыйзамды пайдаланып, өз мүлктөрүңөрдү өзүңөргө каттап, легалдаштыргыла жана чет өлкөлөрдөгү банктарда катып жаткан акча каражаттарыңардын баарын биздин банктарга которгула. Бул мыйзамдын негизинде мамлекет силердин капиталыңардын коопсуздугуна 100 пайыз толук кепилдик берет. Акча каражаттарыңар өз өлкөбүздүн кызыкчылыгы үчүн иштесин. Мамлекетке тийген пайдасы ошол. Башка максат жок. Сурак болбойт. Мындан ары ички инвесторлор менен чет өлкөдөн келген инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп бергенге мамлекеттин бардык күчүн жумшайбыз", - деди мамлекет башчысы.
Эске салсак, “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш былтыр 4-майда кабыл алган. Президент Садыр Жапаров ага 20-майда кол койгон.
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары аталган мыйзам долбоору кабыл алынса коррупциялык схеманы легалдаштырууга жол ачыларын айтып чыгышкан.
Садыр Жапаров парламентте талаш жараткан мыйзам долбоору жөнүндө пикирин айтып, анын максаты коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурдагы аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин билдирген.


