super.kg logo

MBANK алдамчылык аракеттер тууралуу эскертет. Каржыңызды кантип коргоо керек?

 

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK алдамчылык аракеттердин коркунучу жөнүндө эскертет жана финансылык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кеңештерди берет.

«Сиздин каржыңыздын коопсуздугу биздин башкы милдетибиз. Кардарларды алдамчылыкка каршы күрөштө колдоо менен биз сиздерди этият болууга жана берилген сунуштарды аткарууга чакырабыз. Биргелешип, биз мүмкүн болуучу коркунучтардан ишенимдүү коргоону камсыздай алабыз», - деп белгилейт MBANK’тын Кредиттөө департаментинин Керектөө насыялоо бөлүмүнүн башчысы Руслан Калыбеков.

Жеке маалыматыңызды бербеңиз:

ПИН-кодду, CVV-кодду жана бир жолку кодду эч кимге бербеңиз.

Каражаттар өз максатына ылайык пайдаланылышы керек жана үчүнчү жактарга которулбашы керек:

Банк кызматкери сизге онлайн насыя алууну жана алынган каражаттарды үчүнчү жактардын карталарына которууну сунуштап чалбайт.

Алынган каражаттарды өз максаттуу пайдаланылышы керек жана үчүнчү жактарга которулбашы керек.

Күчтүү сырсөз түзүңүз:

Жалпы сөздөрдү жана жеке маалыматты колдонбой, онлайн аккаунттарыңыз үчүн уникалдуу жана татаал сырсөздөрдү түзүңүз.

Социалдык тармактарда сергек болуңуз:

Алдамчылар маалымат чогултуу үчүн социалдык тармактарды колдонушат. Жашыруун маалымат менен бөлүшпөңүз, шектүү шилтемелерди баспаңыз жана тааныбаган адамдарга акча которбоңуз.

Шектүү сурамдарга жооп бербеңиз:..

Шектүү билдирүүлөрдөн жана жеке маалыматты сураган чалуулардан этият болуңуз. Банк кызматкерлери эч качан сырсөздөрдү же башка жеке маалыматтарды сурашпайт.

Эгер шектүү билдирүү же чалуу алсаңыз, анда дароо 3333 номуру аркылуу коопсуздук бөлүмү менен байланышыңыз.

MBANK жөнүндөгү маалыматтарды расмий булактардан: www.mbank.kg сайты жана социалдык тармактардагы @mbankkgz баракчасынан гана алыңыз.






Мбанк

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: