super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү менен жолугушту

 

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева кечээ, 15-февралда Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, Жамиля Исаева акыркы жылдары Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы кызматташуу активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, расмий сапарлар жана саммиттер эки тараптуу алакаларды арттырууга берилгендигин көрсөтүп жатканын кошумчалады.

"Биз Европа Биримдиги менен эки тараптуу жана аймактар аралык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө даярбыз жана демократиялык реформаларды жүргүзүүдө Евробиримдиктин туруктуу колдоосун жогору баалайбыз", - деди ал.

Муну менен катар төраганын орун басары 2024-жылы Борбор Азия өлкөлөрүнүн аялдар Диалогуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөнүн эске салып, мерчемделген иш-чаралардын алкагында аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жаатындагы маселелер талкууланарын белгиледи.

Өз кезегинде Тери Хакала 2024-жылы Европарламентке шайлоо өтөөрүн айтып, Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы көптөгөн артыкчылыктуу маселелер боюнча кызматташуунун натыйжалуулугун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: