super.kg logo

Бишкектеги мектептерде 3 күн кыскартылган сабактар өтөт

 
Борбор калаанын мектептеринде 17, 19, 20-февралда кыскартылган сабактар болот. Бул тууралуу бүгүн, 16-февралда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти мэр Айбек Жунушалиевдин кеңешмесинин жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин такталган маалыматын эске алуу менен кыска мөөнөттүү сабактарды өткөрүү боюнча буйрук чыгарды.
Ага ылайык, 17, 19, 20-февраль күндөрү биринчи нөөмөт саат 9:00дө башталып, экинчи нөөмөт саат 16:00дө бүтүшү керек, сабак 30 мүнөткө созулат.
Белгилей кетсек, бала бакчалар кадимки режимде иштөөдө. Эгерде ата-энелер кааласа балдарын чоңдордун көзөмөлүндө үйдө калтыра алышат.
Мындан тышкары, жеке менчик билим берүү уюмдарына Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидрометтин аба ырайы тууралуу маалыматын эске алуу менен окуу процессин уюштуруу сунушталат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: