super.kg logo
  Саясат  

Элчи Төлөндү Макеев Чехиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

 

Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Төлөндү Макеев Прага шаарынын президенттик сарайында Чехиянын президенти Петр Павелге ишеним грамоталарын тапшырды.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө элчи Чехиянын президентине Садыр Жапаровдун атынан салам жолдоду жана жакшы каалоо-тилектерин айтты. Ошондой эле кыргыз-чех мамилелерин мындан ары да кеңейтүү жана чыңдоо үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Кыргызстандын элчиси 2025-жылы «Интергельпо» өнөр жай кооперативинин курамында чехтердин жана словактардын биринчи эшелонунун Кыргызстанга келгенине 100 жыл болорун белгиледи. Алар биздин өлкөбүздүн өнөр жайын өнүктүрүүгө чоң көмөк көрсөтүшкөнүн айтты.

Ушуга байланыштуу жана бул маанилүү окуяга карата өз ара жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууну жана башка биргелешкен иш-чараларды өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тараптын Чехия менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүүгө олуттуу кызыгуусу баса белгиленди. Мындан тышкары, Кыргызстан менен Чехиянын Евробиримдиктин жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара кызматташуу маселелери талкууланды.

Чехиянын президенти Петр Павел эки өлкөнүн ортосундагы салттуу достук мамилелерин белгилеп, элчиге эки элдин бакыбаттуулугу үчүн дипломатиялык кызматына ийгилик каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: