super.kg logo
  Саясат  

Жапаров Бишкектеги “Ак-Кула” ипподромунун ордуна эмне куруларын айтты

 

Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданынын ордуна "Москва-Сити" сыяктуу борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, ипподром үчүн жаңы жер тандалат. Азыр шаардын башкы архитектору жетектеген топ бул долбоорлордун үстүндө иштеп жатат.

"Биз шаардыктардын да, борбордун конокторунун да суктануусун жаратуу үчүн гармониялуу архитектуралык кооз жайларды курууну башташыбыз керек. Курулуш компаниялары өз пайдасын гана ойлошот: куту куруп, андагы батирлерди сатып, кетип калышат. Ошол эле учурда таштанды челектерин, унаа токтотуучу жайларды орнотуу үчүн жөнөкөй жерлерди да ойлонушпайт. Мындай болбойт. Курулуш компанияларынын ээлери өздөрү деле борбордо жашашат, ошондуктан бул жерде тартип орнотуу баарынын кызыкчылыгында", - деген Акылбек Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: