super.kg logo
  Саясат  

Токон Мамытов абалды жөнгө салуу максатында Баткенге учуп кетти

 

Кырдаал менен жеринен таанышып, эл менен сүйлөшүү максатында вице-премьер-министр Токон Мамытов баштаган топ Баткенге жөнөп кетти. Топто Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин, чек ара, ички иштер министрлигинин жана өкмөттүн өкүлдөрү бар. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда парламенттин жалпы жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков билдирди.

"Түнкү саат 2:00дө ал жактагы чогулган эл тарап кетти. Абалды жөнгө салуу үчүн вице-премьер-министр Токон Мамытов учуп кетти. Ал Тажикстандын тиешелүү органдары менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт",- деди төрага өз сөзүндө.

Эске салсак, Баткен районунун Ак-Сай айылында 17-декабрь түнү кыргыз жана тажик жарандарынын ортосунда тирешүү болгон. Окуяга Тажикстанга жакын ээн жерде кыргыз жаранына тиешелүү чайкана өрттөлгөнү себеп болгону айтылган. Кечээ, 18-декабрда эки өлкөнүн жарандары жол тосушкан. Баткен жана Согдий облустарынын бийлик өкүлдөрү жолугушуп сүйлөшкөндөн кийин Ворух жолуна шагыл төгүлүп, жол жабылган эле. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: