super.kg logo
  Саясат  

Электр самокатын тепкендерди жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорун парламент комитети жактырды

 

Бүгүн, 20-февралда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда электр самокаттарын пайдаланууга байланыштуу маселелерди жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлору биринчи окууда жактырылды. Демилгечи депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору жол кыйымылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында иштелип чыкканын белгиледи.

Эгер ал күчүнө кирсе самокат, скейтборд, гироскутер, сигвей жана монодөңгөлөк тебүү эрежелерин бузгандарга 500 сом өлчөмүндө айып салынат. Эгер 6 айдын ичинде экинчи ирет эреже бузганы катталса 2 миң сом айып пул төлөйт. Ал эми техникалык талаптарга жооп бербеген (бузук же чала оңдолгон) электросамокаттарды ижарага берип, анын кесепетинен адамдар жаракат алса жеке жактарга 8 миң, юридикалык жактарга 13 миң сомдук жаза берилет.
Ошондой эле экинчи мыйзам долбоорунда электр самокатын айдагандар үчүн төмөндөгүдөй эреже сунушталууда:
- атайын бөлүнгөн тилке/сызык боюнча, ал жок болгон учурда бараткан багыты боюнча жолдун оң чети менен жүрө алат;
- караңгыда жолдон өтүүдө жана жүрүүдө же көрүүгө мүмкүн болбой калуучу башка шарттарда байкалбай калуу тобокелдигин азайтуу жана жол кырсыгын алдын алуу үчүн аларды жарык чагылдыруучу предметтер менен жабдууга милдеттендирүү;
- ижарага берип иштегендер ижарачыларга жол эрежелерин сактоо боюнча инструктаж өтүүгө, самокатын талаптагыдай техникалык абалда сактоого милдеттүү;
- эгер самокаттын техникалык абалынын начардыгы жол кырсыгына себеп болсо, анда жоопкерчилик менчик ээлерине жүктөлөт.

Белгилей кетсек, Маматалиев электросамокаттарды айдоо эрежесин киргизүүнү былтыр сентябрда, ал эми электр самокаттарын айдоо эрежесин бузгандарга айып пул салуу демилгесин 23-ноябрда коомдук талкууга чыгарган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: