super.kg logo

Садыр Жапаров чуу жараткан "Кызыл-Омпол" иштетилсе 1000ден ашык жумуш оруну түзүлөрүн айтты

 

Кызыл-Омпол иштетилсе 1000ден ашык жумуш оруну түзүлөт. Бул тууралуу Садар Жапаров кечээ, 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушканда билдирди.

Анда өлкө башчысы аталган кен иштетилсе мамлекет үчүн пайда алып келерин белгилеген.

"Бул жерде биринчиден 1000ден ашык жаңы жумушчу орун пайда болот. Ушул эле чөлкөмдөгү өзүңөр иштейсиңер. Экинчи "Кумтөр" пайда болот. Бул деген жергиликтүү бийлик дотациядан чыгат, мамлекеттик бюджетке салыктар түшөт, пайдасы 100 пайыз биздин Кыргызстанга калат. Эл дагы бул жерден байыйт", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле Садыр Жапаров элдин 2019-жылы уран кенине каршы чыгып, иштөөсүнө бөгөт койгонунун пайдасы болгонун айтты.

"Силер митингге чыгып, жөө жүрүш жасагандын бир чоң пайдасы болгон. Мен аны сындай албайм силер туура эмес кылгансыңар деп. Кенди 5-6 жыл мурун жеке менчик компания казган. 100 пайыз пайдасы ошол жеке менчик компанияда калмак. Биз былтыр лицензиясын жокко чыгарып туруп, мамлекетке алдып койдук. Азыр "Кумтөрдү" кандай иштетип аткан болсок, Кызыл-Омполду да 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир дагы пайызы чет элдик компанияга же болбосо жеке менчик жактарга кетпейт", - деди президент.

Мындан тышкары Жапаров уран жана сейрек кездешүүчү металдардын адистигин даярдоо үчүн жыл сайын 50дөн бала Орусияга окууга жөнөтүлөрүн айтып өттү. Андан соң кен иштетиле турган болсо, киргизилген мораторий алынарын кошумчалады.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо уран кени аз, негизинен 95 пайызы титаномагнетит.

Буга чейин министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кызыл-Омпол кенинде урандан башка дагы металлдар бар экенин, ал жерде 300 миллиард долларлык байлык жатканын айткан болчу.

Эске салсак, 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразычылык акцияларын өткөрүшкөн. Мындай акциялар Бишкекте да болгон. Мындан улам 2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: