super.kg logo

Жалал-Абаддын тургундарынан ок атуучу куралдар жана баңгизаттар табылды (видео)

 

Жалал-Абаддын тургундарынан мыйзамсыз куралдар жана ок дарылар табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 14-февралда Ош ШИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы менен УКМК кызматкерлери тарабынан Ош шаары менен Жалал-Абад облусунун аймагында чет элдик террордук уюмдун активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу жана башка кылмыштарды аныктоо иштери жүргүзүлгөн.

Ага ылайык, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде Жалал-Абад облусунун аймагындагы 1984-жылы туулган Ш.Х., 1990-жылы туулган Х.у.О., 1993-жылы туулган Т.у.М., 1992-жылы туулган А.Д., 1991-жылы туулган Р.у.Н., К.А., 1989-жылы туулган А.К., М.М. аттуу жарандар жашаган үйлөргө тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда 3 даана сайга үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 3 тапанча, 2 бычак, аралыктан байланышуу каражаттары (рация) жана ок дарылар табылып, далил буюм катары алынган.

Мындан тышкары диний-экстремистик мазмунда болушу мүмкүн болгон араб, кыргыз, өзбек тилинде жазылган китептер, дептерлер, сим карталар, флеш карталар, телефондор, компьютер, дисктер жана баңги каражаттарына окшогон зат табылган. Тинтүү учурунда алынган далил буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Шектүү Х.О. жана А.Д. аттуу жарандар Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда башка күч түзүмдөрү менен бул багытта биргелешкен иштер уланууда.






21.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: