super.kg logo
  Саясат  

Депутат Бакасов Бишкекке аймактардан келген жаштар орус тилин билбегендиктен "мокоп" калып жатканын айтты

 

Бүгүн, 21-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Билим берүү министрлигинин абитуриенттердин кыргыз тилин билүү боюнча тест тапшыруусу тууралуу маалыматы угулду.

Анда депутат Улан Бакасов Бишкекке аймактардан келген жаштар орус тилин билбегендиктен кыйналып, көп таланттар ачылбай калып жатканын айтты.

"Бул эң туура демилге. Мунун түшүмүн буюрса 5 жылдан кийин көрөбүз. Кыргыз өлкөсү көп улуттуу өлкө болгону менен мамлекеттик тилди көп улуттар колдоно билбейт. Өлкөнүн ар тарабынан келген жаштар борборго келгенде чет өлкөгө келгендей болот. Ашканага барабы, маршруткага түшөбү, соода түйүнүнө барабы расмий тилде сүйлөшөт. Өлкөнүн булуң-бурчунан келген жаштар көбүнчөсү сынып калып, өзүлөрүнүн таланттарын, өнөрлөрүн көрсөтө албай мокоп калып жатышат. Түшүнөсүз да", - деди ал.

Эл өкүлү башка улуттар дагы мамлекеттик тилди билиши керектигин белгилеп, демилге үчүн Билим берүү министрлигине ыраазычылыгын билдирди.






Жогорку Кеңеш 21.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: