super.kg logo

Кыргызстан жана Татарстан өз ара Маданият күндөрүн өткөрөт

 

Кыргызстан жана Татарстан 2024-2025-жылдары өз ара маданият күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу кечээ, 21-февралда президент Садыр Жапаров менен Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу учурунда белгилүү болгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирет.

Маалымдалгандай, анда эки лидер эки өлкөнүн элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Жолугушуу "Келечек оюндары" биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында өттү.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров Орусияга болгон сапарынын алкагында кечээ күнү аталган өлкөнүн башчысы Владимир Путин менен жолугушкан.

Ушул эле күнү ал "Дуслык" ордени менен сыйланган. Сыйлыкты Татарстандын башчысы тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: