super.kg logo

Elite House тез ылдамдыктагы курулуш: Көчүп кирүүгө канча убакыт калды?

 
Адам курулуп жаткан үйдөн батир алганда, анда иш кандайча жүргүзүлүп жатат? куруучуну туура эле тандадымбы? ачкычтар убада кылынган мөөнөттө берилет болду бекен? - деген суроолордун пайда болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгер, кандайдыр бир себептерден улам курулуш созулуп кетсе, күмөн саноолор күчөй баштайт. Заманбап дүйнөдө жашоо создуктурууга жол бербейт, анткени убакыт кайтарылбай турган эң баалуу ресурс. Муну түшүнүү менен, Elite House компаниясы өз кардарларынын ишеничин актоону жана ишти өз убагында аткарууну эреже катары кабыл алган. Куруучу бул милдетти кантип аткарууда?

Elite House — динамикалуу өнүгүп, жогорку стандарттарды карманган Бишкектеги алдыңкы курулуш компанияларынын бири. Белгиленген мөөнөттө объекттерди тапшыруу компаниянын негизги максаты болуп саналат. Ошол эле учурда, техникалык мүнөздөмөлөргө өзгөчө көңүл бурулат: имараттар бардык курулуш ченемдерине жана эрежелерине, Мамлекеттик стандартка жана башка зарыл ченемдерге ылайык келет.

Жоопкерчиликтүү мамиле, курулуштун алдыңкы ыкмалары, жогорку сапаттагы материалдар, так эсептөөлөр жана адистердин макулдашылган иши – Elite House компаниясына өз убагында ишенимдүү, кооз объекттерди түзүүгө мүмкүнчүлүк берет.

— 10 жылдын ичинде Elite House Бишкекке 11 турак жай комплексин курду, азыр дагы алты объект курулуп жатат, - деди компаниянын башкы директору Улугбек Файзиев. “Кабаттардын санына жараша үйдүн курулушу 2-3 жылга созулат. Биз өз ишибизде объектилердин сапатына, келечектеги жашоочулар үчүн ыңгайлуулугуна жана өз убагында даяр болуусуна басым жасайбыз. Elite House компаниясынын үлүшчүлөрү көптөн күткөн ачкычтарын өз убагында алышарын, ошондой эле жаңы турак-жайлары ойдогудай болот деп ишендирип кетсем болот.” – деп белгиледи.

Өзүнүн видеоролигинде компания курулуш ылдамдыгын ачык көрсөттү. Elite House компаниясынын курулуп жаткан турак жай комплекси эки жылдын ичинде канчалык өзгөргөнүн караңыз.

Elite House – 10 жылдык туруктуулук!






Elite House тез ылдамдыктагы курулуш: Көчүп кирүүгө канча убакыт калды?

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: