super.kg logo
  Саясат  

11 айдын ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошпогондо 79 миллиард сомго аткарылды

 
11 айдын ичинде республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгү атайын каражаттарды кошпогондо 79 миллиард 145,3 сомго аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу каржылоо 8,8 пайызга же 6,4 миллиард сомго өскөн. Ички дүң продукциянын көлөмүнө карата чыгашалар 25,9 пайызды түздү. Ал эми корголгон беренелер боюнча республикалык бюджеттен 55 миллиард 258 миллион сомго каржылоо жүргүзүлүп, планга 95,8 пайызга аткарылды. 
Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,8 пайызга же 3 миллиард сомго көбөйгөн. 
Ал эми корголбогон беренелер боюнча каржылоо 7 миллиард 273 миллион сомго жүргүзүлүп, планга карата 93,1 пайызга аткарылды. Каржылоо өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга же 759 миллион сомго көбөйгөн. Бул тууралуу бүгүн 19-декабрда, Каржы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: