Бишкек менен Бакунун ортосунда түз аба каттамын жандандыруу маселеси талкууланды



Кыргызстандын Азербайжан жана Грузиядагы элчиси Кайрат Осмоналиев "Азербайжан Авиа жолдору" ЖАКтын (AZAL) жаңы дайындалган президенти Самир Муса оглы Рзаев менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдирди
Маалыматка ылайык, жолугушууда апрель айынан тарта Баку менен Бишкектин ортосунда түз аба каттамдарын кайрадан жандандыруу маселеси талкууланды. Элчи Осмоналиев эки өлкөнүн ортосундагы түз аба байланышынын эки тараптуу мамилелерди чыңдоо, өзгөчө туризмди жана экономикалык дипломатияны өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн жана зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар мындан аркы биргелешкен кызматташууну макулдашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

