super.kg logo
  Саясат  

Өзбекстан менен чектеш Кадамжай шаарына караштуу Автодром участкасында 17 кожолук Өзбекстандын электр энергиясын пайдаланышат

 

Өзбекстан менен  чектеш Кадамжай шаарына караштуу Автодром участкасында 17 кожолук Өзбекстандын электр энергиясын пайдаланышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда аталган участканын жашоочусу Ибрагимова Замира билдирди.

“17 кожолуктун жашоочулары Өзбекстан менен келишим түзүп, электр энергияны пайдаланабыз. Бирок, 5 мүнөт сайын жарык өчүрүлүп, жандырылып турат. Электр мештеринде чайыбызды деле кайната албайбыз. Телевизор жандырарың менен 3-4 мүнөттө кайра жарык өчүрүлөт. Атайын кылгандай туюлат. Электр энергиясын иштеткенибизден сырткары 500 сом үстүнө кошуп төлөйбүз. Кыргызстандын жараны болгондон кийин бизге да көңүл бөлүнүп, жарыкты өзүбүздүн өлкөдөн пайдалангыбыз келет. Кыштын күнү жарыксыз жашап жатабыз. Кыргызстандан электр  чубалгыларын алып келүүгө 7 зым карагай, 1 трансформатор  керек экен. Көбүрөөк каражат кетет дегендеринен жок болгондон көрө деп Өзбекстандан пайдаланып жатабыз”,- дейт Замира Ибрагимова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: