super.kg logo
  Саясат  

Жаңы туу түшүрүлгөн паспорттор качан берилери белгилүү болду

 

Кыргызстандын жаңы, өзгөртүлгөн туусу түшүрүлгөн паспорттор апрель айынын ортосунан тарта бериле баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда санариптик өнүктүрүү министрлигинин Калкты каттоо департаментинин директору Арсен Миңбаев парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

"Негизи туунун өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт. Ал эми план боюнча бизде жаңы туу түшүрүлгөн ички паспорттор апрелдин ортосунан тартып берилет. Жалпы жарандык паспортту келерки 2025-жылдан тартып бере баштайбыз", - деди Миңбаев.

Эске салсак, 20-декабрда Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда талкуусуз дароо кабыл алган. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров 22-декабрда кол койгон.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү тууралуу мыйзам расмий түрдө 2023-жылдын 26-декабрынан тарта күчүнө кирген.

Кыргызстандын биринчи мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген. Авторлору Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Мамат Сыдыков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: