Кыргызстан менен Монголиянын парламенттери кызматташат



Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышын өнүктүрүүгө багытталган меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, меморандумда Жогорку Кеңеш менен Монголиянын Улуу Мамлекеттик Хуралынын ортосунда кызматташуу боюнча комиссияны түзүү маселеси камтылып, ар тараптуу алакаларды арттырууга багытталган ченемдер киргизилген.
"Анын ичинен тармактык комитеттердин, депутаттык достук топторунун ортосунда тыгыз кызматташтыкты калыптандыруу жана эл аралык алкактагы байланыштарды чыңдоо тууралуу макулдашуулар белгиленген", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

