super.kg logo

Бишкекте “Америка борбору таланттарды издейт” аттуу сынак өттү

 
Кечээ, 18-декабрда Касымалы Баялинов атындагы китепканада  “Америка борбору таланттарды издейт” (“AС’s got talant”) аттуу конкурстун биринчи туру өттү.  Бул тууралуу бүгүн, 19-декабрда, Америка борборунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, таймашта 17 улан-кыз бий, ырдоо, музыкалык аспаптарда ойноо жана актёр чеберчилик боюнча өз таланттарын көрсөтүштү. Катышуучулардын өнөрлөрүн “Манас” аэропортунун транзиттик жүк ташуучу борборунун үч ишмери баалашты. 
Калыстардын чечими менен финалдык турга 10 катышуучу өттү. Финал 2014-жылдын 2-январында өтөт. "Катышуучуларга баалуу белектер берилет. Ал эми таймаштын жеңүүчүсү өзгөчө сыйлыкка ээ болот”,- деп билдирди аталган борбордун координатору Айгерим Курманалиева.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: