super.kg logo
  Саясат  

Балбак Түлөбаев Тез жардам унааларына айып пул салынып жатканын сынга алды

 

Бүгүн, 28-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев "Тез жардам" унааларына айып пул көп келип жатканын айтып кайрылгандар көбөйгөнүн билдирди.

Эл өкүлү бул маселе боюнча өкмөт өз позициясын билдирип койсо деген пикирин айтты.

"Тез жардам" унааларына айып пул салабызбы эми? Өкмөт өз позициясын билдирсин. Эгер айып пул сала бере турган болсо, анда башка бир жолун табалы. Мага атүгүл аймактардан бери кайрылып жатышат", - деди Түлөбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин SUPER.KG медиа порталына "Тез жардамдын" айдоочулары айлык маянасы аз болгону аз келгенсип, чалуу менен бараткандагы камерага түшкөн айып пулдарын өздөрү төлөп, төлөбөгөндөр пенсияга чыга албай жатканын айтып кайрылышкан.

Ошондой эле борборубузда калктын саны көбөйүп, ага "Тез жардам" унаалары жетишпей жатканын, буга себеп айлык маянанын аз экени, иштегенге шарттар түзүлбөгөнүн белгилешкен.






Жогорку Кеңеш 28.02.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: