super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров Кыргызстанда инновациялык технологиялар борбору түзүлөрүн айтты

 

Кыргызстанда инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллект жана кванттык эсептөөлөрдү иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен алектенген инновациялык технологиялар борбору түзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Digital Kyrgyzstan” эл аралык ПЛАС-форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров бул борбор өкмөттүк мекеме болуп эсептелерин, мамлекеттик субсидия жана демөөрчүлөрдүн жардамы аркылуу каржыланарын белгиледи. Ошондой эле ал Кыргызстанда бизнести өнүктүрүү жана жүргүзүү, жарандардын ыңгайлуу жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, санариптик технологияларды киргизүү жана ачык санариптик коомду түзүү боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. Мындан сырткары 1-марттан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу кыймылсыз мүлктү онлайн сатып алуу же сатуу иштери башталып жатканын айтты.

Өз сөзүндө өкмөт башчы Кыргызстанда жасалма интеллектти өнүктүрүү маселесин өзгөчө белгиледи. Ал өткөн жылы кыргыз тилиндеги жасалма интеллектти окутуу үчүн бюджеттин эсебинен суперкомпьютер сатылып алынганын эске салып, бул кыргыз тилин таануу жана синтездөө боюнча алгачкы кадамдарды жасоого мүмкүндүк берген. Ал эми бүгүн мамлекеттик радио каналдарда санариптик диктор жаңылыктарды кыргыз тилинде окуп жатат.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, финтех-компанияларынын, стартаптардын, венчурдук фонддордун, чет өлкөлүк жана жергиликтүү банктардын жана микрофинансылык уюмдардын, төлөм системаларынын , байланыш операторлорунун өкүлдөрү жана IT-адистери катышууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: