super.kg logo
  Саясат  

Министрлер кабинетинин башчысы жумушчу сапар менен Кытайга барат

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын 29-февралынан 2-мартына чейин Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районуна жумушчу сапары менен барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушчу сапардын алкагында Акылбек Жапаров, Кытай коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, СУАР партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй, Өзбекстан премьер-министри Абдулла Арипов баштаган делегациялардын үч тараптуу жолугушуусуна катышат.

Ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан, СУАР делегация башчылары биргеликте "Эркечтам-автожол" көзөмөл өткөрүү пунктуна барышы күтүлүүдө. Мындан тышкары министрлер кабинетинин төрагасы Кашкар шаарындагы Нарын эркин экономикалык аймагынынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Кашкар эркин экономикалык аймагында жайгашкан бондалык кампасына барат.

Жумушчу сапардын алкагында соода экономикалык байланышты илгерилетүү боюнча эки жана көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү күтүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: