super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын стандартын иштеп чыгуу боюнча тегерек стол өттү

 
Ош шаарында “Муниципалдык жана мамлекеттик кызматтардын жарандарга жеткиликтүүлүгү, маалымдуулугу, сапаты жана отчёттуулугу”  аттуу долбоордун негизинде тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси Замирбек Сасыкбаев, “Луч-Лотоса” кайрымдуулук фондунун, бей өкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын, жергиликтүү жана мамлекеттик мекемелердин, Ош шаардык социалдык фонддун, шаардык социалдык камсыздоо башкармалыгынын, шаардык юстиция башкармалыгынын өкүлдөрү катышты. 
Тегерек столдогу талкуулардын негизин мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин аткарган иш-чараларынын калкка жеткиликтүүлүгү жана маалымдуулугу боюнча маселелер түздү. Замирбек Сасыкбаев белгилегендей, кандай болбосун мыйзам кабыл алууда сөзсүз түрдө коомчулуктун пикирин тыңдоо керек. 
“Биз коомдук транспорттордогу жол акынын тарифин жогорулатууда гезиттерге макала жарыялап, интернет булактарынан жалпыга маалымдап, элдин пикирин угуп, натыйжалуу жыйынтыктан соң гана мыйзамды кабыл алганбыз. Ош шаардык кеңешинин депутаттары мындан ары да кандайдыр бир мыйзам долбоорун кабыл алууда элдин пикирин угуп, эл менен макулдашып гана мыйзам кабыл алуусун уланта бермекчи”,- дейт бул тууралуу Замирбек Сасыкбаев.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: