super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңеши Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык ишин убактылуу токтотту

 

Бүгүн, 29-февралда Бишкек шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында төрага Куванычбек Конгантиев Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарынын саны 235ке көбөйгөндүгүнө байланыштуу тыныгуу ала тургандыгын билдирди.

Анын айтымында, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык БШКнын депутаттарынын саны 235ке көбөйдү.

Урматтуу депутаттар, президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, шаардык депутаттардын саны 235ке көбөйтүлдү. Ошол себептен баарыңыздар толук жыйынга катышуу үчүн бул маселелерди чечип алууга байланыштуу тыныгуу жарыялайлы деп жатабыз. Эгер сиздер каршы болбосоңуздар”,-деди Конгантиев.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев аталган жарлык бүгүн эле чыкпагандыгын айтып, ал бүгүн кабыл алынгандыгын белгиледи.

"Кечээ БШК расмий түрдө түшүндүрмө берди. Бүгүн силер чогуласыңар, тыныгуу жарыялайсыңар, суроо бересиңер. Биздин иш-аракеттерибиз, чечимдерибиз жарлыктын алкагында, болгон ченемдик укуктук базанын алкагында болушу керек деп ойлойм. Мен сиздерди баарыбыз бүгүн мыйзамдуу негизги агымга киришибизди камсыз кылууга чакыргым келет. Мэрия жооптуу орган катары бардык 235 депутаттын катышуусунда сессия уюштурууга даяр. Маселени кечеңдетүү айыл өкмөттөрүнүн жана айылдык кеңештердин чечимдерди кабыл алып, техникаларды жана мүлктөрдү башка административдик-аймактык бирдиктерге бөлүштүрүүгө алып келди", - деди калаа башчысы Жунушалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: