super.kg logo
  Саясат  

Депутат Икрамов өлкөдөн чыгып кеткен кесиптеши Осмонов тууралуу пикирин билдирди

 

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов кесиптеши Айбек Осмонов өлкөдөн чыгып кетти деген маалымат боюнча үн катты. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 29-февралда социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал Айбек Осмонов депутаттык мандат алганга чейин бир күн да мамлекеттик кызматты аркалабай, бизнес менен алектенип келгенин белгилеген.

"Миңдеген жумушчу орундарын түзүп, миллиондогон сом салык төлөдү. Бир тууган Нурбек жана Айбек Осмоновдор кичи мекени Кара-Суу районуна эле эмес, жалпы Кыргызстанга кайрымдуулук иштерин жасап, аны жалпы элге жарыя кылбай жүргөндөрү боюнча маалыматым бар. Ишкерлик кылуу, сырттан инвестиция тартуу, өнөктөштөр менен сапаттуу иштешүү ар бир эле адамдын колунан келе бербейт. Ал эми мындай мыкты сапаттар Айбек Жапаровичте бар.

Депутат катары Айбек Осмонов өз округундагы маселелерди көтөрүп, айрымдарын жеринде өз каражаты менен чечип келет. Принципиалдуу маселелерде өз пикири, позициясы бар депутат. Ошондуктан бүгүнкү күнү депутат Айбек Осмоновдун айланасында түзүлгөн кырдаалда сабырдуу чечим кабыл алып, анын мандаты боюнча сөз жүргөндө кызуу кандуулукка алдырбасак. Азыр ал коллегам ден соолугуна байланыштуу жылда өтүүчү профилактикалык дарылануу процесси үчүн өлкөдөн тыш аймакта экенин эске алып, эмоциялык билдирүүлөрдөн жана маалымат таратуудан карманып туралы", - деп жазды ал.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары 27-февралда депутаттар Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов чет өлкөгө чыгып кеткенин жазган. Ушундай эле маалыматтар социалдык тармактарда да тараган.

Айбек Осмонов 28-февралда SUPER.KG порталына Түркияга дарылануу үчүн кеткенин, өлкөгө кайра кайтып келерин билдирген. Ошондой эле ал жыл сайын февраль айында Түркиядан дарыланарын айтып, чет жакка чыгып кеткенине саясий негиз жок экенин, бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевге да маалымат бергенин кошумчалаган.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалыматты ырастап, Атазов менен Осмонов акы төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыкканын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: