Назарали Арипов «Сүлүктүкөмүр» ишканасында 330 адам ишсиз калгандыгын айтты
Бүгүн, 19-декабрдагы ЖКнын жыйынында Назарали Арипов «Сүлүктүкөмүр» ишканасынын талаш маселесин чечип берүү өтүнүчү менен президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Орозбек Молдалиевге кайрылды. Депутат Баткен облусундагы Сүлүктү шаарындагы 44 пайыз мамлекеттик үлүшү бар «Сүлүктүкөмүр» 3 жылдан бери соттошуп жатканына байланыштуу иштебей жаткандыгын айтып, анын кесепетинен 330 адам ишсиз отургандыгын айтты.
"Район аралык сот 20 жолу аталган ишти карап, ким акча берсе ошонун кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарып жатат. Чечим кабыл алган сот Абдыкапаров боюнча Соттор кеңешине кайрылып, 2 жылдык караган иштерин иликтөөнү суранам",- деди Арипов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

