super.kg logo

«О!Деньги» телефон номери боюнча которуулардын алгачкы универсалдуу сервисин ишке киргизди

 

«О!Деньги» финансылык сервиси кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн өз мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү улантууда жана «Мой О!» мобилдик тиркемесинде жаңый пайдалуу функция ишке киргендиги тууралуу билдирет.

«О!Деньги» капчыгынын колдонуучуларына телефон номери боюнча которуулардын универсалдуу сервиси жеткиликтүү болду. Кыргызстандын финансылык рыногунда бул сервистин аналогдору жок. Жөн гана алуучу адамдын номерин көрсөтүү менен колдонуучулар которууларды башка капчыктарга жана карталарга оңой жана тез жөнөтө алышат. Мындан тышкары, которууда комиссиянын өлчөмү дароо көрсөтүлөт.

Бул кантип иштейт?

  • «Мой О!» мобилдик тиркемесинен «О!Деньги» капчыгын ачыңыз.
  • Алгач «Которуулар» бөлүмүн, анан «Телефон номери боюнча которуулар» баскычын тандаңыз.
  • Алуучунун номерин көрсөтүңүз.
  • Акча каражаттарын которуу үчүн эң пайдалуу жолду тандаңыз.
  • Жакындарыңызга жана досторуңузга акчаны тез жана оңой жөнөтүңүз!

Телефон номери боюнча которууну кайсы жакка жана кандай комиссия менен жөнөтсө болот:

  • «О!Деньги» – 0%
  • Bakai24 – 0%;
  • «Компаньон» капчыгы – 0%;
  • Namba One – 0%;
  • Элкарт – 1%;
  • MBANK – 1%;
  • Balance – 2%;
  • Umai – 2%;
  • Cash2u – 2%;
  • «Компаньон Агент» – 2%.

Акча каражаттарын «О!Деньги» капчыгынын ичинен оңой которгондой эле, башка сервистерге дагы ушундай оңой жөнөтүңүз!

«Мой О!» тиркемесин Google Play’ден же App Store’дон жүктөп алып, накталайсыз төлөмдүн бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: