super.kg logo
  Саясат  

Ош. Облуста эң жаш айыл өкмөт башчы шайланды

 

Кечээ, 18-декабрда Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчылыгына  жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда шайлоо болуп өттү. Шайлоо 2 тур менен өттү. Биринчи турда 3 талапкер катышкан. Ал эми 2-турга мурунку айыл өкмөт башчы Бакытбек Алайчиев жана Эрнис Толтоев чыккан. Жыйынтыгында 11 депутат Эрнис Толтоевди, 8 депутат Бакытбек Алайчиевдин талапкерлигин колдошкон.

Маалымат катары айта кетсек, Эрнис Толтоев буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы болуп иштеп келген. Жашы 27де. 

“Айылды өнүктүрөлү деп белсенип турам. Буюрса, эл үчүн кызмат кылам",- дейт жаңы шайланган айыл өкмөт башчы Эрнис Толтоев. Бул тууралуу Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынан билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: