Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Кашгар шаарына барды
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кашгар шаарына (КЭР СУАР) жумуш сапары менен барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, жумушчу сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан, Өзбекстан жана Синзянь уйгур автоном районунун өкмөттөрүнүн үч тараптуу жолугушуусуна катышат.
Мындан тышкары Акылбек Жапаров Эркечтам көзөмөл-өткөрүү пунктуна, Кашкар эркин экономикалык аймагына, Кашгардагы Нарын эркин экономикалык аймагынын кампасына, "Кыргыз почтасы" ачык акционердик коомунун бондалык кампасына баруусу күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

