super.kg logo

"Айдананын эң баалуу белеги менин эки кызым". Ырчы Аваз Акимов 34 жашка толду

 

Жаздын алгачкы күнү 1-мартта туулган күн тоскондордун катарында эстрада ырчысы Аваз Акимов дагы бар. SUPER.KG порталы ырчынын туулган күнүн куттуктап, байланышканыбызда бул күндү үй-бүлөсү менен белгилей турганын айтты.

"Мен негизи 34 жашка чейин белек көп эле алдым. Ар бир белек мен үчүн баалуу. Ал эми Айдананын баалуу белеги менин эки кызым. Ар дайым Айдананын өзүнө дагы бул нерсени айтып келем. Эки кызымды көргөндө менде дайыма башкача сезимдер болот, ал нерсе үчүн Айданага ыраазымын. Быйыл Айдана күтүүсүздөн мага акыркы үлгүдөгү телефон белек кылды.

Туулган күнүмдү жыл сайын жакын досторум, санаалаштарым менен белгилейм. Быйыл таң эртеден бери үй-бүлөм менен жүрөм, кечинде дагы үй-бүлөм менен отурам. Бирок досторум үйгө отургузбайт го", - дейт Аваз Акимов.

Ал эми жубайы Айдана Дека туулган күнү менен куттуктап, каалоо-тилек калтырган.

"Менин жакыным, жолдошум, сүйгөнүм туулган күнүң менен! Ар дайым бири-бирибизде барбыз, түбөлүккө сүйүүбүз сакталып, кол кармашып бирге бололу. Сени канчалык сүйөөрүмдү бир гана Кудай билет. Туулган күнүң менен, алтыным", - деп билдирүү жазган ал.

Белгилей кетсек, ырчы Аваз Акимов менен Айдана Дека эки кызды тарбиялап келет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: