super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстанга ханзаада Рахим Ага Хан келди

 

Кечээ, 29-февралда Кыргызстанга Ага Хан фондунун экономикалык өнүктүрүү боюнча аткаруу комитетинин башчысы жана Ага Хан уюмунун өнүктүрүү боюнча бюджетин кароо комитетинин теңтөрагасы ханзаада Рахим Ага Хан келди. Бул тууралуу бүгүн, 1-мартта Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аны "Манас" аэропортунан Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев тосуп алды.

Тараптар кыска жолугушуу өткөрүшүп, иш сапардын программасын жана анын өлкөнүн жетекчилиги менен жолугушуусун талкуулашты.

Ага ылайык, Кыргызстандын Ага Хан фондунун өнүктүрүү уюму менен эки тараптуу кызматташуусунун артыкчылыктуу маселелерине жана анын өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана билим берүү чөйрөлөрүндөгү долбоордук ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.

"Мындан тышкары, тоо проблемаларына эл аралык көңүл буруу, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча демилгелерди биргелешип өнүктүрүү, ошондой эле туруктуу жана тең салмактуу экономикалык өнүгүүгө умтулуу маселелери талкууланды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: