super.kg logo

Каныкей Жамангулова: "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК өлкөдө уникалдуу маалымат кампасын түзөт

 

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК башкармалыгынын төрагасы Каныкей Жамангулова өлкөдө болуп өткөн "Санарип Кыргызстан" эл аралык PLUS форумунда сөз сүйлөдү. 30 өлкөдөн келген чет элдик спикерлер 10 тематикалык секцияга катышып, ар түрдүү тармактардагы заманбап санариптик тенденциялар боюнча жаңы учурлары жана эксперттик ой-пикирлери менен бөлүштү.

Каныкей Жамангулова өз сөзүндө чоң маалыматтар жана банктык ландшафттын мындан аркы иши тууралуу айтып берди. Анын айтымында, өлкөнүн рыногунда жыйырма жылга жакын ишмердүүлүгүндө "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК улуттук төлөм системасы катары ички жана трансчек аралык кардарлардын транзакциялары боюнча таасирдүү маалыматтарга ээ. Бул маалыматтарга багытталган мамилени колдонуу үчүн масштабдуу негиз болуп саналат.

"Бүгүнкү күндө биз бардыгыбыз дүйнөлүк санариптик революциянын түздөн-түз катышуучуларыбыз. Ал рынокторду өнүктүрүү үчүн жаңы шарттарды талап кылган жана экономикалык структураны өзгөртүп, чоңураак жана глобалдуу нерсенин старттык аянтчасына айланган. Жасалма интеллект азыр экономиканын бардык тармактарынын өнүгүшүнө чоң таасирин тийгизүүдө. Интеллектуалдык маселелерди чечүү үчүн алгоритмдердин жардамы менен колдо болгон маалыматтарды иштеп чыгуу жана системалык анализдөө үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөр ачылат. Борбордун командасы төлөм жана кайра иштетүү кызматтарындагы кеңири тажрыйбасына, чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгуу жөндөмүнө, ошондой эле болжолдуу аналитиканы бириктирген терең, баалуу жана уникалдуу билимге ээ", - деди Каникей Жамангулова.

Аталган борбор өлкөдө уникалдуу маалымат кампасы болуп саналат. Коопсуз, ишенимдүү жана коргоону түзүүнү өз мойнуна алуу үчүн потенциалга, ресурстарга жана кайраттуулукка ээ. Бул биздин өлкөнүн ишмердүүлүгүнүн дээрлик бардык чөйрөлөрүн өнүктүрүүгө дем берет.

Каныкей Жамангулова бүгүнкү күндө мелдеште уттурбоо үчүн жаңычылдыктын алдыңкы сабында болуу мурдагыдан да маанилүү экенине ишенерин билдирди. Берилүү менен иштеген ошондой эле туура жана оперативдүү чечимдерди кабыл алган компаниялар гана атаандаштарынан алда канча өнүүгүдө болот. Алсак, рынокко баа берүү, аудиториясынын жүрүм-турумун жана адаттарын билүү, алар үчүн популярдуу продукцияларды чыгаруу жана бардыгы үчүн уникалдуу сунуштарды түзүү .

"Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК жаңы санариптик чындыкты жаратууда жана рыноктун бардык кызыкдар тараптарын бул масштабдуу долбоорго чакырат!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: