Акылбек Жапаров Артыш шаарындагы маданий борборго барды








Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдагы иш сапарынын алкагында Кызыл-Суу кыргыз автоном облусунун Артыш шаарындагы маданий борборго барды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, маданий борбордо төрагага Кызыл-Сууда отурукташкан элдердин, анын ичинде кыргыздардын тарых таржымалын айтып беришти. Ошондой эле ал тарыхый экспонаттар, кызыл-суулук кыргыздар колдонгон буюмдарды көрүп чыгып, Манас эпосуна арналган атайын музей менен таанышкан.
Жапаров баштаган Кыргыз делегациясына улуттук аспаптар менен чыгармалар тартууланып, Манас эпосунан үзүндү айтылганы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

