super.kg logo

Балбак Түлөбаев Нурзат Токтосунованын кыз узатуу тоюнда салават айтканы боюнча үн катты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев алып баруучу Нурзат Токтосунованын кыз узатуу тоюнда салават айтканы боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 2-мартта социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Нурзат Токтосунова айым, азаматсыз! Алдыга жыла бериңиз. Эл ар кандай пикирде болот, ага терикпеңиз. Той ээси кааласа жар-жар айттырат, кааласа салават айттырат. Сиз азамат айымсыз. Сизге баракелде! Өтө терең сыйлайм. Ушакчы, жалакор, бир өңчөй пикирдеги адамдарды ээрчибеңиз. Коом сөзсүз алдыга жылат. Бири-бирибизди сыйлаганды үйрөнөбүз. Мен сиздин жаныңыздамын", - деп жазды Түлөбаев.

Нурзат Токтосунова 26-февралда алгачкы жолу антрактсыз, бийсиз той алып барганын жарыя кылган. Ошондой эле "Нур кыздар" салават группасын ачканын, мындан ары алар тойлордо "салават" айтарын кошумчалаган.

Алып баруучунун кыз узатууда салават айтуу демилгеси сынга кабылган. Социалдык тармактын колдоонуучулары Нурзат Токтосунова арабдардын идеологиясын, салтын алып келип, кыргыздын тарыхын, салтын жана маданиятын талкалап жатканын айтышкан.

Токтосунова өзүн сындагандарга жооп берип, бирөөнү жамандагандан көрө ар бир жаранды өлкөнү көтөрүүгө, улуттук баалуулуктарды жайылтууга чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.03.2024. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бети башын Чүмкөнү, тумчулануу кыздардын кадыр баркын көтөрбөйт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: