Курмантай Абдиев: "орус тилин бир тыйын бербей эле үйрөнгөм",- дейт
Депутат Курмантай Абдиев ЖКнын жыйынында каралып жаткан кыргыз тилди өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда жашаган башка улуттун өкүлдөрү кыргыз тилин сыйлоого милдеттүү. "Мамлекеттик тил дегенде эле "мамлекеттен акча бөлүп окутуу керек" деген ой айтылып жүрөт. Мен буга караманча каршымын. Мен орус тилин бир тыйын бербей эле үйрөнгөм. Эмне үчүн ушунча жылдан бери Кыргызстанда жашап жүрүп кыргыз тилин билбеген адамдарга мамлекеттен акча бөлүп берип "үйрөн" дешибиз керек? Кечкисин болсо да барып, кытай, англис тилдерин үйрөнүп жатышпайбы, кыргыз тилге да ушундай мамиле болуш керек"- деди депутат.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:05
2025-06-30

11:17
2025-06-30

13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
Рейтинг:
0

