super.kg logo
  Саясат  

"Баткендеги кырдаал боюнча эки мамлекеттин Чек ара кызматтары сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт" деди Жантөрө Сатыбалдиев

 

Бүгүн, 19-декабрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Баткен облусундагы кырдаал боюнча маалымат берди. 

“Баткендеги маселе боюнча тийиштүү органдар менен кошо орун басарым учуп кетти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да иштеп жатат. 

Таш-Тумшук аймагындагы көйгөй мен премьерликке келгенде пайда болду дегенге кошулбайм. Бул мурда эле бар болчу. Таш-Тумшук айылында суу түтүктөрүн куруу боюнча иштер жүрүп жатат. Айланып өтүүчү жол пикир келишпестиктерден улам оңдолбой калды. Бул боюнча комплекстүү иштешибиз керек. 

Чек ара маселелери бир эле Баткен облусуна тиешелүү эмес.  Баткен облусу боюнча саат 11лерде губернатор менен сүйлөштүм. Жол ачык, бирок тирешүүлөр бар. Эки мамлекеттин Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Кырдаал көзөмөлгө алынат”,- деди өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: