super.kg logo

Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

 
Бүгүн, 6-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалымдалгандай, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстандын маданият тармагындагы мамилелери принципиалдуу пикир келишпестиктердин жоктугу, көптөгөн актуалдуу эл аралык жана аймактык маселелер боюнча көз караштарынын окшоштугу айтылды. Мындан сырткары тараптардын өз ара мамилелерди бекемдөөгө умтулуусу достук, коңшулаштык, өз ара пайдалуу кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү менен мүнөздөлөөрүн белгилешти.
Ага ылайык, министр Алтынбек Максутов биргелешкен аракеттер эки өлкөнүн интеграциялык байланыштарын кеңейтип, чыңдап, достук форматындагы мамилелерди курууга көмөктөшүп, элдердин жакындашуусуна салым кошот деген ишенимин билдирди.
"Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-казак эки тараптуу мамилелеринин актуалдуу маселелерин, учурдагы абалын жана келечегин талкуулашып, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана өнүктүрүүгө өз ара даярдыгын билдиришти", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: