super.kg logo
  Саясат  

Башкы прокуратура “Кыргызжилкоммунсоюздагы” коррупциялык схемаларды текшерет

 
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы коррупциялык схемаларды текшерет. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште бүгүн, 19-декабрдагы жыйында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. 
Депутат Эркин Алымбеков министрлер кабинетинин башчысына «Кыргызжилкоммунсоюзда» паракорчулук схемалардын бар экендигин айтып, “Кимдин сунуштоосу менен дене тарбиячы Тезекбаев мамлекеттик ишкананын башкы директору болуп дайындалган? Бюджет каражатынын 30 пайызы уурдалып бүттү, сиз болсо чара көрбөй жатасыз”,- деди ал. 
Жантөрө Сатыбалдиев мыйзам бузуулар аныкталса, анда ишкананын жетекчилигине чара колдонуларын кошумчалады. 
"Аны ким сунуштаган?" деп кыйкырган депутатка "Эч ким сунуштаган эмес. Дайындоого конституциялык укугум бар" деп жооп берди өкмөт башчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: